Мурдагы министр Султан Урманаев коррупцияга шектелип кармалды

Экс-министр, экс-губернатордун коррупциялык схемасы аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И., 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган. 

Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 млн. сомду түзөт.

Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бүгүн Кыргызстан Эгемендикти алганына31 жыл толду

admin

Өзгөндө сел жүрүп, Кара-Шорого барган 100 эс алуучу эвакуацияланды

admin

«Жарым жылда 680 миң сом алган». Жеке компаниядан акча талап кылган шектүү кармалды

admin

Комментарий