Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

Биринчи май райондук соту КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди дарылануу зарылчылыгына байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат берди. Тиешелүү токтомго соттун төрагасы А.Калыбаев кол койду. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун соттук коллегиясы адвокаттардын А.Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган.

Related posts

ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү

admin

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

Ленин районунда талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу өттү

admin

Комментарий