ЖРТнын жыйынтыгы: Ысык-Көл «Алтын сертификатка» илинбей калды

2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Көрүнүп тургандай, Бишкек баарынан алдыда болсо, Баткен эң акыркы орунда. Ал эми Ысык-Көл облусунда бир да бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон эмес.

2022-жылы Талас облусу «Алтын сертификатка» илинбей калса, 2023-жылы бардык облустан «Алтын сертификатка» ээ болушкан.

Related posts

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

УКМК Райымбек Матраимовдун Азербайжандын борбору Бакуда экенин билдиришти

admin

Түптүн айылдарына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

admin

Комментарий