Мурдагы президенттердин жолугушуусу. Аскар Акаев өз пикирин билдирди 

Мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча Аскар Акаев өз пикирин билдирди. Анда Садыр Жапаров шайлангандан бери 2 жылда мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында ийгиликтер болгону белгиленген.

Экс-президент бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары ага элдин жогорку кызыкчылыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого негизделип уюштурулганы айдан ачык экенин айтты. «Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги жана коомдогу стабилдүүлүктүн бекемделиши үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргызстандын элин жалпы эл тарабынан шайланган президент Садыр Жапаровдунтегерегине биригүүгө жана азыркы түзүлгөн ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!»,- деген ал.

Related posts

Лейлекте мас күйөөсүнөн токмок жеген келин милицияга кайрылды

admin

Жалал-Абаддагы башкы балатынын жанына жардыруучу зат орнотмокчу болгон шектүүлөр кармалды

admin

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

Комментарий