УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мындан ары «мыйзамдагы ууру» болбой турганын айтты.
«Мен кечээ өлтүрүлгөн кримтөбөлдүн тегерегиндегилерге эскертем. Эгер кимдир бирөө коомго каршы башын көтөрсө же мыйзамга каршы нерсе кылышса, мыйзам боюнча катуу жазаланат. Бир криминал баш көтөрсө, башын кыя чабабыз! Сөз берсем, аны аткарам. Мыйзамды бузбагыла. Мындан кийин биздин өлкөдө «мыйзамдагы ууру», уюшкан кылмыштуу топтун лидери, топ деген болбойт. Кимде-ким топ түзүүнү кааласа катуу жазаланат. Муну эстеп койгула»,- деди ал.