Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 18-22-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

«18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук эрежелери:

арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;

сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Related posts

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти

admin

Президент Бишкектин Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту 

admin

«Унаанын» көптөгөн бөлүмдөрүндө иш процесси үзгүлтүккө учурап жатат, — ИИМ

admin

Комментарий