«Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин дагы бир комитетинде колдоо тапты. Бүгүн 10-октябрда маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте каралып, концепциясы биринчи окууда жактырылды жана 17-октябрда парламенттик талкуу өткөрүү чечими кабыл алынды.
Мыйзам долбоору тууралуу демилгечи Надира Нарматова маалымат берди:
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 29100 ар түрдүү комерциялык эмес уюмдар катталган. Бу эч кимге жашыруун эмес. Алардын баары эле өз иштерин уставдарына жана милдеттерине ылайык илим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, Энеликти жана балалыкты коргоо, спорт жана жаныбарларды коргоо, ошону менен бирге кайрымдуулук иштерине жумшап жатышат. Бирок алардын баары эле өзүнүн уставы менен иш жүргүзүүдө дегенден биз алыспыз. Алардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо турмушуна кийлигишип, анын ичинде бийликтин ыраттуу өнүгүү тууралуу чечимдерине карама-каршы иштерди жүргүзүп, коомдук пикир жаратууга умтулушуп, Кыргыз Республикасында саясий акцияларды уюштуруу жана каржылоо жолу менен иш улантышууда. Негизи 1999-жылы кабыл алынган комерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам бүгүнкү күндө иштеп жатат. Тилекке каршы коом өзгөрүп, коомдун өнүгүшү менен комерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам бүгүнкү күндө толук кандуу биздин мамлекеттин ичиндеги ички саясатты укуктук тартипте, жоопкерчиликте көптөгөн муктаждыктарды жаратып кошумча өзгөртүү киргизүү зарыл болуп жатканына байланыштуу мыйзам долбоорун өзгөртүүгө мажбур болдук. Өзгөчө чет-өлкөлүк комерциялык эмес уюмдар ар кандай салык төлөбөө максатында бизнес проэктиде ЛГТБ тобун үгүттөөгө жана кыргыздын үрп-адатына, нарк насилине, адеп ахлагына ошондой эле келечек муундарга терс таасирин тийгизүүчү иш-чараларын өткөрүүгө эбегейсиз чоң суммадагы акча каражаттар жумшалып келет. Ошол эле убакта иштеп турган мыйзамда чет-өлкөлүк комерциялык эмес уюм түшүнүгү жана бул уюмдардын иш-аракеттерин көзөмөлгө алуу багытында биздин чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүгүнкү күндө өзүнүн укуктук статусуна ээ эмес.
Комерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамдын негизги максаты биз эки гана беренеге киргизип жатабыз. Чет –өлкөлүк эмес комециялык уюмдар тууралуу бүгүнкү күндо иштеп жаткан мыйзамдарда жок болгондуктан экинчи статьяга чет-өлкөлүк комерциялык эмес уюмдар тууралуу түшүнүктү толук ачып берүүгө аракет кылдык. Ошол эле мезгилде чет-өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар болуп кайсылар, кимдер эсептелет анан аларды чет-өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарчу макам кайсыл мезгилде бериле тургандыгы кайсылар чет-өлкөлүк уюмдардын өкүлү эмес болуп эсептеле турган бей өкмөт уюмдарды ачык, даана көсөтүп берүүгө аракет жасадык. НКОлор пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучуларга бөлүштүрбөгөн негиздөөчүлөр катары мамлекеттик эмес уюм катары саналган.
Ошону менен алардын филиалдарындагы өкүлчүлүктөрү, ишканалары дагы ошол эле мезгилде чет-өлкөлүк уюм катары эсептелгендердин өздөрүнүн уставдык негиздеринде гана иш жүргүзгөндөрү белгилүү болгон уюмдар болуп эсептелет. Ал эми чет-өлкөлүк уюмдар качан кайсыл мезгилде чет-өлкөлүк уюмдун өкүлү боло турганы тууралуу макамга ээ боло тургандыгы ал эгерде өзунүн комерциялык эмес уюмдар түрдүү акцияларды уюштуруп өзүнүн сырттан келген каражаттарын жашырып, аны кай жакка жумшай тургандарын ачык көрсөтпөөгө аракет жасаган, мамлекеттин ички түзүлүшүнө тасир тийгизүүгө аракет жасаган мезгилдерде ал мыйзамдуу түрдө чет-элдик өкүл катары макамды бергенге мажбур болот. Ал эми ошол эле мезгилде илим, маданият, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо ж.б иштерди жүргүзгөн уюмдарга мунун тиешеси жок алар өз уставдарынын негизинде иштерин жүргүзө берет.
Ал эми 17-статьяда бул жерде мурунку иштеп турган мыйзамда алардын чыгымдары тууралуу маалыматтар, комерциялык сырдын предмети боло албайт деген так талап көрсөтүлүп турганына карабастан бүгүнкү күндө сырттан келген каражаттарын иштетүү багыттарын жашырганга аракет кылышат. Ошондуктан биз 17-статьяда бул тууралуу кеңири ачып бердик.
Бул жерде алардын ишине, сөз эркиндигине шек келтирген маселе жок. Ошол эле мезгилде адам укугун басмырлоого да эч кандай тиешеси жок. Биздин болгон көз карашыбыз эле тартип, жоопкерчилик болсун деген максатта ушул мыйзамды алып чыктык.”
Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева жана Арсланбек Малиев.
Мурунку | Предыдущий
Кийинки | Следующий