Нарын облусунун Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында. кызматтык унааны жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Ак-Талаа райондук каржы башкармалыгынын башчысы К.Б.К кармалып, Ат-Башы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Тактап айтканда, К.Б.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып,  кийинчерээк өзүнүн атына каттоо максатында Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын С.Б. аттуу күзөтчүсүнө эсептен чыгарыла турган 2004.ж.  «Хонда СRV» кызматтык автомашинасын менчиктештирүүгө укук берүү жөнүндө Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнүн профсоюзунун чечимине жалган протоколун тариздөөнү демилгелегени аныкталды.

Андан соң, К.Б.К. жеке баа берүүчү компания менен алдын ала сүйлөшүп алып, аталган унааны 150 миң сомго арзандатылган баада баалап, ошондой эле аталган мүлккө менчик укугун каттоо органдарына С.Б.нын атын каттатып, аталган транспорт каражатын өзүнө билгизбей пайдаланып жүргөн.

Эсептен чыгаруу процедурасына чейин К.Б.К. бул автотранспортту оңдоо жана запастык бөлүктөрүн алмаштырууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн.

К.Б.К.нын башка мыйзамсыз аракеттери боюнча, ошондой эле аларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

В офисе Зеленского отреагировали на призыв США снизить возраст мобилизации

admin

Акылбек Жапаров: Рабочая группа по ККМ завершила свою работу. Мы пришли к консенсусу

admin

В Бишкеке из автошколы по улице Элебесова украли 150 тыс. сомов и 350 тыс. рублей

admin

Комментарий