Нарында 30 жаштагы эки жаран мушташып, бири ооруканада каза болду. Шектүү кармалды

31-январь күнү Нарын шаарында 30 жаштагы эки жаран өз ара келишпестиктен улам уруша кетишип, бири экинчисин белгисиз учтуу нерсе менен сол колунун ийин тушуна бир жолу сайып жиберген. Натыйжада жарандын бири Нарын облустук борборлоштурулган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алган жаракатынан улам, көп кан жоготкон жаран каза болуп калган.

Ал эми кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары изи сууй электе кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Related posts

Кумтөрдө жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрүлгөн

mediaportalk

УКМК: Бийликти куч менен басып алууну жүзөгө ашыруу фактысы боюнча И.Ташовгоиздөө жарыяланды

mediaportalk

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

mediaportalk

Комментарий