Нарынга панорамалык аттракцион курулат (сүрөт)

Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген «Нарын — реновация» креативдүү долбоорунун бир бөлүгү.

«Панорамалык аттракцион шаардын көркүнө көрк кошуу менен бирге элге эс алуу тартуулап, бюджетке киреше алып келе турган жай болот»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

1-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов протоколго кол коюшту

admin

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий