Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бул облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген «Нарын — реновация» креативдүү долбоорунун бир бөлүгү.
«Панорамалык аттракцион шаардын көркүнө көрк кошуу менен бирге элге эс алуу тартуулап, бюджетке киреше алып келе турган жай болот»,- деп айтылат маалыматта.