Назарбек Шералиев кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында, кылмыштуу чөйрөдө орду чоң болгон, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-жылы туулган Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди.
Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса, жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтты.