Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш башталбай жатып бүттү

Бүгүн, 3-декабрда Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш башталбай жатып бүттү. Милиция кызматкерлери мэрия тарабынан тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти.

Автожүрүштүн уюштуруучусу «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков соцтармактагы баракчасына «Бул башталышы, 9-декабрда жолугабыз» деп жазды.

Буга чейин жарандык активист Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын, 3-декабрда репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун билдирген. Кечээ, 3-декабрда «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясынан чыккан соң, УКМКга да кирип чыкканын да билдирди.

Related posts

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жолду жаап калды

admin

Түркияда теракт уюштурууга даярданып жаткан 2 шектүүнүн кармалышы. ТИМ маалымат берди

admin

Садыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

admin

Комментарий