Ноокенде наристе кызды сабап, видеого тарткан ата кармалды

Интернетте кызын уруп, видеого тарткан атанын видеосу тараган. Милиция маалымат таратып, анын камакка алынганын билдирди.

Майлуу-Суу ШИИБге Ноокен районунун 1988-жылы туулган жараны арыз менен кайрылган. Анда 14-ноябрь күнү түнкү саат 00:00 чамасында жолдошу 1983-жылы туулган жаран эч бир себепсиз арыздануучуну уруп, үйүнөн кууп чыккандыгын, ал чоң кызы менен кетип, үйдө бир уулу, бир кызы жолдошу менен калган учурда 2019-жылы туулган кызын жолдошу уруп, видеого тартып “үйгө кел, келбесең жаман болот” деп коркутуп видеого тартып жибергендигин билдирген. Бул факты боюнча 27-ноябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча, Ноокен РИИБге жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Аталган окуя боюнча апасы, 2014-жылы туулган У.М. 2017-жылы туулган М.А. жана 2019-жылы туулган Д.М. аттуу балдарына соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. 1983-жылы туулган жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

Муфтият Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

admin

Кыргызстанда жер титиреди

admin

КР УКМК: Коррупция фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары кармалды

admin

Комментарий