Ноокендеги сел: Бишкек-Ош унаа жолунда эки тараптуу каттам жанданды

17-июнь күнү катуу жааган жамгырдан улам Ноокен районунда сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 516-517-чакырымдар аралыгында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жол бетиндеги сел агызган кум, шагыл, таштарды тазалап, эки тараптуу каттам жанданды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Ошондой эле Кочкор-Ата — Хиля — Хлоппункт (0-4-чакырымдар аралыгы), Кочкор — Майлуу-Сай унаа жолунун (0-6-чакырымдар аралыгы) жер кыртыштарын сел жууп кеткен. Калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Related posts

УКМК: Камчыбек Ташиевге багытталган «сырдуу катты» жазгандар аныкталды — ВИДЕО

admin

Чүйдө 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен шектүү кармалды

admin

Белбоо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди

admin

Комментарий