Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

17-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрүп, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел суусу кирген. ТЭски-Кочкор-Ата айылында 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу баланы сел агызып, каза болгон. 1 турак үй авариялык абалга келген. Сел болгон аймактан 300гө жакын турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында 17-июнь күнү саат 23:30да Бишкек-Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылган. Сел суусу кирген 5 турак үйдүн ичи сел калдыктарынан толук тазаланган.

18-июнга карата жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жарандык коргоо (ЖК) кызматтары тарабынан тактоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумушу жүрүүдө. Жалпы ЖК кызматтарынан жана куткаруучулардан турган 150 адам, 18 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

Related posts

Өмүрбек Текебаев Варшавада аны 18 жыл мурун абактан бошоткон судья менен жолукканын жазды

admin

Кар жаабайт. 23-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды

admin

Комментарий