«Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алган Азат Раимбердиев кайрылуу жасады

Ырчы Азат Раимбердиев Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду тажикстандык Фаррух Хасанов, үчүнчү орунду орусиялык Софико Кардава жеңип алды.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылуу жасап, ал аны колдогондорго ыраазычылык билдирди.

«Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунун бешинчи сезону сентябрда башталган. Буга чейин Азат Раимбердиев долбоордун алкагында жарым финалга, кийин «Imagine Dragon» тобунун «Believer» чыгармасын аткарып, финалга чыккан.

Related posts

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Министр: «Токтогул суу сактагычына суу 110 пайызга көбүрөөк келди. Быйыл суу көп болот»

admin

3 Кыргыз жараны Израилден чыгарып кетүүнү суранып ТИМге кайрылды

admin

Комментарий