Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

16-октябрь күнү Бишкек ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Инстаграмда мониторинг жүргүзүү учурунда улуттук аз өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган.

Аталган факты боюнча тергөө иштеринин алкагында дайындалган экспертизалардын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон. Изилдөөгө берилген материалдарда, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылган.

Анын негизинде Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

1969-жылы туулган шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.

Related posts

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

Акылбек Жапаров: «1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөт» 

admin

Америкалык жаран жашоосунда 34 миңден ашык бургер жеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

admin

Комментарий