Нурланбек Шакиев Аксыдагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-май күнү нөөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптаган Аксы районуна караштуу айрым айыл аймактардагы жагдай боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевден маалымат алды.

Ошондой эле Аксы районундагы жергиликтүү жетекчилер менен да сүйлөшүп, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу багытында жасалып жаткан иштерден кабар алды. Тиешелүү жетекчилерге селден жабыркаган бардык турак-жайлар тез арада калыбына келтирилип, эвакуация болгон элге бардык шарттар түзүлүшү керектигин айткан төрага жакынкы аралыкта өзү да Аксы районуна барып, абал менен таанышып келерин билдирди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш да өз ыйгарым укуктарынын чегинде керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендигин белгилеген төрага учурдагы аба ырайынын туруксуздугун эске алып, жалпы өлкө боюнча табигый кырсыктардын алдын-алууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районундагы Кара-Камыш, Сары-Челек жана Үч-Коргон айыл аймактарын сел каптап, турак-жайлар жабыркаган. Натыйжада өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, 250дөй жаран эвакуацияланган.

Related posts

Кар жаайт. 3-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Мамлекеттик тил комиссиясы ЖОЖдордо кыргыз тилинде окутууну сунуштоодо

admin

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев: Көк-Бөрү оюнунда провокация жасагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат – ВИДЕО

admin

Комментарий