Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жалпы жамааты коомчулукка кайрылуу жолдошту.
Кайрылуунун текстин беребиз:
«Урматтуу кыргыз маданий интеллигенциясынын өкүлдөрү жана күйөрмандар.
Жалпыбызга маалым болгондой, өлкө ичинде ар тармакта тынымсыз жүрүп жаткан жаңылануу иштери, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөт башчылыгынын өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүп – өсүүсү үчүн жасаган иш аракеттери бардыгыбызга жаңы үмүттү пайда кылып, алдыга кадам таштоого шыктандырып келет.
Кандай иш-аракеттер менен болсо да элдин жашоо-турмушун жакшыртууга болгон түйшүктүү далалаттар болуп жатканы, бардыгыбызды жапатырмак аракетте болууга чакырат. Бул боюнча ар тармакта кызуу иштер жанданууда.
Маданият чөйрөсүндө дагы элдин руханий ахывалын жандуу кармап турууга, узакка созулуп жаткан өткөөл мезгилде өлкө атуулдарына келечекке багыттаган дух берип, кылымдап сакталып келе жаткан руханий насилибизди сактап калууга ар түрдү аракеттер жүргүзүлүүдө.
Мындай мезгилде “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” чогуу күрөшүү менен бардык мүчүлүштүктөрдү жеңип чыгабыз деген ийги максатта жашап жатабыз.
Жалпы эл аркалаган аруу үмүт-тилек менен Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жалпы жамааты дагы өз ишин колдон келишинче мыкты аткарууга бар күч-арактин жумшап эмгектенип келе жатат.
Буга мисал – жалпы элге маалым болгондой көрүүчүлөрүбүзгө жагымдуу маанай тартуулоо максатында көптөгөн иштер аткарылып келүүдө.
Көрүүчүлөрүбуз босогобуздан баштап белгиленген орундан жай алганга чейин тейлөө кызматын жакшыртып, фойелердин, көрүү залынын жайлуу, жылуу-салкын болушун камсыздадык.
Өлкө Өкмөтүнүн колдоосу жана Маданият министрлигинин аракети менен жарык берүү, үн күчөтүү аппаратуралары жаңыртып коюлуп, музыкалык аспаптар алынып, көрүүчүлөрүбузгө ажайып чыгармаларды тартуулоо мүмкүнчүлүгүбуз артты.
Өкмөттүн колдоосу менен министрлик менен чогуу аракетте болуп, ажайып мюзиклдери эл-журтубузга тартуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, республиканын аймактарынан баштап, боордош республикаларда гастролук иш-сапарлар менен болуп кайттык. Бул ири деңгээлдиге мамлекеттер аралык маданий байланышты камсыздаган иш-сапарлар өзүнүн алдыга койгон максаттарын толук аткарды деп ишенебиз. Натыйжада, Улуттук филармониясына кыргыздын улуттук маданиятын даңазалап таанытуу менен андан ары дагы дүйнөнү кыдыруу мүмкүнчүлүгү ачылды.
Ал эми өзүбуздүн сахнабызда чыгармачыл жамааттарыбыз көрүүчүлөрүбузгө концерттерин тартуулоо менен бирге эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга байма-бай катышып келет.
Уламдан улам илгээрилеп, алдыга жылуу аракетинде иштеп жаткан жалпы жамааты колдоп келген көрүчүүлөрүбүзгө, өнөр маданиятынын күйөрмандарына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Урматтуу маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук!
Сиздерге кайрадан кайрылууга муктаж болуп жатабыз.
Мына ушундай максаттарды ишке ашыруунун зор механизимин жандандырууда оор түйшүктөрдү баштан кечирүү менен иштетип жаткан жамаатыбызга, жамаатты жетектеп иш алып бара жаткан жетекчиликти колдоп Сиз менен Биз бир тилектеш, максатташ болууну каалайбыз.
“Тойдун болгонунан, болот болоту кызык” демекчи Сиздерге тартуулаган ажайып сахналык оюн-зоокторубуз көптөгөн мүшкүл тартуунун натыйжасында келип чыгат.
Бирок, тилекке каршы саптан чыгып, нарктан кетип, же бир атайын коомдун шайланып жиберилген өкүлү болбостон, же бир ыйгарым укугу жок ээн баштык менен текшерүүгө алып, сметаларды сурап, жеке адамдын аброюна шек келтирүүдөн тартынбаган жарандарыбыздын катылуу максаттары бир гана өзүлөрүнө жана аны шыкактап түртмөлөп артында көмүскөдө тургандарга маалым чыгаар…
“Сөздү билген таап айтат, сөздү билбеген каап айтат”. Сынды дагы чын дилден, жакшылыкка, ийгиликке салым кошуу үчүн айтуу керек го?.. Болбосо, “Бышкан ашка сынчы көп”
“Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп” деген элибизде. Кыргызда “Карысы бардын -ырысы бар” – даанышман аксакалдарыбыз бул көрүнүштү көз жаздымда калтырбастан калыс сөзүн айтып, тарбияга чакырат деген терең ишенимдебиз.
Жакшыбызды жан тарта колдоп, жалгай албай жатканыбызга чын дилден насаатыңыздарды айтып, биз менен чогуу бир сапарда болушуңуздарды каалайбыз.
Ылайым асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, ыр-күүбүз оболоп турсун!
Бар болуңуздар!
Сиздерди терең урматтоо менен
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жамааты»