Нурланбек Шакиев: «Депутаттар да уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү ишти алып барат»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Ал акыркы учурда өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлгөнүн белгилеп: “Алардан жарандар көп жабыркап, айрыкча ишкерлер зыян тартып келишкен. Акыркы 30 жылда криминалдар кеңири кулачын жайып, өнүккөнү баарыбызга белгилүү. Бирок мындан ары Кыргызстанда криминал менен алектенип, кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөргө катуу чаралар көрүлөт. Коомубузда “каралар” жана “каралар дүйнөсү” деген түшүнүк болбойт. Андайлардын эл арасында эркин басып жүрүүсүнө бөгөт коюлуп, кылмышкерлер аёосуз жазаланат. Депутаттар да тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барат”, – деди.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чаек айылында жайгашкан М.Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты. Азыркы тапта 380ден ашуун окуучу билим алган мектептин имараты 52 жыл мурун курулуп, азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мугалимдер менен баарлашууда практикалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын, түрдүү лабораториялык куралдардын жоктугу негизги көйгөй катары айтылды. Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Related posts

Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

admin

Кийинки Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтмөй болду

admin

«Ата-апам ажырашып кеткен». Ошто дүкөндөрдөн уурулук жасоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

admin

Комментарий