Нурланбек Шакиев: Мамлекеттик гимн жазга чейин өзгөрөт

Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү боюнча өткөргөн кеңешмеде билдирди. 

Ал бул маселе коомчулуктун кеңири катышуусунда өтүшү керектигин, текстин жана обонун сунуштоого чектөөлөр болбой турганын айтты. 

“Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт”, — деди төрага.

Тиешелүү комиссиялар кийинки жумада түзүлөрү айтылды. 

Related posts

Чүйдө Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезддин вагондоруна таш ыргытып, айнектерин сындырыш

admin

Кемпир-Абад боюнча чындык

admin

Кыргызстандык куткаруучулар эртең Түркиядан кайтып келишет

admin

Комментарий