Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат

Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт.

Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.

Related posts

Активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

admin

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

admin

Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

admin

Комментарий