Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат

Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт.

Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.

Related posts

Ош шаарындагы бала бакчада тартылган видео интернетке тарап… Анын директору кармалды

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

UFC чемпиону Валентина Шевченко кытайлык Вейли Чжан же бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешүүнү каалап жатканын айтты 

admin

Комментарий