Онкология борборунда бөлүм башчы, дарыгер жана медайым кармалды

Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарынын көлөмүн системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатылган.

Азыркы учурда жогоруда аталган А.Т., А.Х. жана К.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

ЖМК: Трамп Украинадагы согушту жүз күн ичинде токтотууну тапшырды

admin

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 4,6 млрд сомго 8 256 насыя берилди

admin

Эрбол Султанбаев Кыргызстан учкучсуз аппараттарды чыгаруучу завод боюнча билдирүү таратты

admin

Комментарий