Онкология борборунда бөлүм башчы, дарыгер жана медайым кармалды

Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарынын көлөмүн системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатылган.

Азыркы учурда жогоруда аталган А.Т., А.Х. жана К.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

«Аябай капа болдум». Малайзия менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин ою

admin

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы кыз табылды

admin

КР УКМК: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач аймагында жайгашкан бир катар жер тилкелер мамлекеттик баланска кайтарылды

admin

Комментарий