Ооганстанда автобус менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшүп, 21 адам каза болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында автобус, күйүүчү май ташыган унаа жана мотоцикл сүзүшүп, 21 адам каза болду. Бул тууралуу Alarabiya провинциясынын губернаторунун өкүлү Мохаммад Касим Риязга шилтеме берүү менен билдирди.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан 38 адам жабыркаган.

Кырсык түштүк Кандагар менен батыштагы Герат провинциясынын ортосундагы негизги трассада болгон. Мотоцикл жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзгөн, автобус жолдун каршы өйүзүндөгү күйүүчү май ташыгычты сүзгөн. Гильменд полициясынан билдиришкендей, жабыркагандар оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Related posts

2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлдү 

admin

Ордо калаанын жалпы имамдары Палестинада курман болгондорго дуба кылды

admin

17-апрелге карата аба ырайы

admin

Комментарий