Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө жакын адам каза болду

«Ооганстандын түндүк-батышындагы Герат шаарында болгон жер титирөө 500гө жакын адамдын өмүрүн алганын Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлү Эрфанулла Шарафзой билдирди» деп маалымдады Reuters агенттиги.

Ага чейин Ооганстандын Коргоо министрлиги X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында 100гө жакын каза болуп, 500дөн ашуун адам жаракат алганын билдирген.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы 6,3 баллдык жер титирөө болгонун билдирген.

Related posts

Орусияда ичинде 15 адамы бар аскердик учак кулап түштү. Окуянын видеосу жарыяланды

admin

УКМК: Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды — ВИДЕО

admin

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда балдар бакчасы ачылды

admin

Комментарий