Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Өтмөк ашуусунда абал кандай?

Талас облусунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан унаа жолду тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.

Аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кечээ саат 23:00дөн тарта убактылуу чектөө киргизилген. Ал эми жеңил автоунаалар өтүп жатат. Транспорт  министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Related posts

Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Баткенге барды

admin

24-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

admin

Комментарий