Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салынды

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кире турганы кошумчаланган.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр:
мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт;
бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт;
мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт;
бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болот.

Related posts

Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

admin

УКМК тоо-кен компаниясынын мурдагы директорун кармады

admin

2024-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДА КУМТӨР БЮДЖЕТКЕ САЛЫК ЖАНА БАШКА ТӨЛӨМДӨР ТҮРҮНДӨ 10 МИЛЛИАРД 37 МИЛЛИОН СОМ КОТОРДУ

admin

Комментарий