Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салынды

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кире турганы кошумчаланган.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр:
мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт;
бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт;
мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт;
бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болот.

Related posts

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Синоптиктер Бишкекте 10-16-ноябрга карата аба ырайынын болжолун жаңылашты

admin

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу 6 миллиард долларга бааланууда»

admin

Комментарий