Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салынды

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кире турганы кошумчаланган.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган.
Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр:
мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт;
бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт;
мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт;
бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болот.

Related posts

Үрүмчү — Ош жана Кашкар — Ош аба каттамдарын ачуу пландалууда

admin

Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

admin

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды

admin

Комментарий