«Оригиналдан мыкты!». Азат Раимбердиевге эксперттер кандай баа беришти?

Ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунун финалына чыгышты. Соцтармактагы баракчасына Азат Раимбердиев бир канча видео жарыялады.

Азат Раимбердиев «Imagine Dragon» тобунун «Believer» чыгармасын аткарып, 100 упай алды. Эксперттер ырчынын аткаруусу оригиналдан да мыкты болуп болгонун айтышты.

«Ну-ка, все вместе» — элдик шоу, популярдуу британ «All together now» форматынын аналогу. Бардык стилдердин жана багыттардын өкүлдөрү өздөрүнүн вокалдык талантын көрсөтүшөт жана аларды жүз адам баалайт.

Related posts

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кооптуу таштар кулатылат

admin

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн 

admin

Бишкекте транспорт жана энергетика тармагындагы маселелер талкууланды

admin

Комментарий