Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

«Жаркын келечек үчүн күрөшүү, элибиздин, жерибиздин келечеги ар дайым жүрөктү өйүгөн маселе». Бул тууралуу экс-депутат Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Компромисске баруунун да кызыкчылыгы келечек болду. Оппозиция да, позиция да баары өзүнүн түшүнүгүндө, өзүнүн дүйнө таанымы менен мекенибизди сүйөбүз. Бирок бир нерсени унутпаш керек, адамдын бир тамчы каны кааба ташынан жогору даражада турса, ар кайсы бийлик, байлык, амал, акча эч бир адамдын тагдырынан жогору турбайт. Адамдардын тагдырын жөнү жок талкалоодон алыс болуу керек ким болсо да. Айыпсыз азап тарткандардын каргышы Кудайга түз жетет. Бүгүнкү Кемпир-Абад боюнча айыпсыз жаткан Жеңиш Молдокматов, Эрлан Бекчоро уулу баш болгон жаштар, айымдардын тагдырын ойлойлу. Клара Сооронкулова эжеке Кемпир-Абад боюнча сүйлөмөк түгүл Кыргызстанда болгон эмес. Акыйкат чечимди күтөбүз», — деп жазды ал.

Related posts

Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

admin

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди 

admin

Аркадий Дубнов Кыргызстандын экс-президенттеринин Дубайдагы жолугушуусунун жаңы чоо-жайын айтып берди 

admin

Комментарий