Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

«Жаркын келечек үчүн күрөшүү, элибиздин, жерибиздин келечеги ар дайым жүрөктү өйүгөн маселе». Бул тууралуу экс-депутат Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Компромисске баруунун да кызыкчылыгы келечек болду. Оппозиция да, позиция да баары өзүнүн түшүнүгүндө, өзүнүн дүйнө таанымы менен мекенибизди сүйөбүз. Бирок бир нерсени унутпаш керек, адамдын бир тамчы каны кааба ташынан жогору даражада турса, ар кайсы бийлик, байлык, амал, акча эч бир адамдын тагдырынан жогору турбайт. Адамдардын тагдырын жөнү жок талкалоодон алыс болуу керек ким болсо да. Айыпсыз азап тарткандардын каргышы Кудайга түз жетет. Бүгүнкү Кемпир-Абад боюнча айыпсыз жаткан Жеңиш Молдокматов, Эрлан Бекчоро уулу баш болгон жаштар, айымдардын тагдырын ойлойлу. Клара Сооронкулова эжеке Кемпир-Абад боюнча сүйлөмөк түгүл Кыргызстанда болгон эмес. Акыйкат чечимди күтөбүз», — деп жазды ал.

Related posts

«Моя прекрасная няня» сериалы менен таанылган актриса Анастасия Заворотнюк каза болду

admin

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

admin

Комментарий