Орто-Сай айылында унаа оодарылып, кыз менен жигит жабыркады (видео)

Кечээ, 25-январда Бишкектин Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган кыз киши жана 2002-жылы туулган эркек киши жабыркаган. Чалуу түшкөн соң, жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылган. Жеринде кырсыкка күбө болгон жүргүнчүлөр тарабынан унаадан чыгарылган жабырлануучуларга куткаруучулар кечиктирилгис биринчи жардамды көрсөтүү менен жолдо келе жаткан Тез жардам кызматына унаа менен жеткирип, өткөрүп беришкен.

Related posts

Окуучулардын күзгү каникулу 4-ноябрда башталат

admin

Мамкурулуштун жетекчиси жумушчу топ түздү. Ал Бишкекте жана ага жакын аймактагы көп кабаттуу үйлөрдү кыдырат

admin

Бишкектеги 47-мектепте мамлекеттик тил майрамы белгиленди

admin

Комментарий