«Орунсуз билдирүү». Трамп Зеленскийдин айтканы тууралуу үн катты

 АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Украинадагы согуштун аякташына дагы көп бар деп айтканын эң начар билдирүү деп атады. Бул туурасында мамлекет башчы өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады.

«Бул — Зеленский жасаган орунсуз, эң начар билдирүү, Америка көпкө чыдап тура албайт! Мен айткан эле нерсе, бул жигит тынчтыктын орношун каалбайт. Азырынча Америка колдоп турат, ал эми Европа Зеленский менен болгон жолугушууда муну АКШсыз жасай албай турганын айтышты. Кыязы, Россияга каршы күчтү көрсөтүү үчүн жасаган орунсуз билдирүү. Булар эмнени ойлоп жатат?» — деп жазган ал.

Трамп Киев режиминин Россия менен макулдашууга дагы көп бар деген пикири жазылган макаланы мисал келтирген. Зеленский Трамптын администрациясы менен мамилеси суук селки болгонуна карабай Вашингтон Киевге жардамын улантат деп күтүп жатканы айтылган.

Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышы

28-февралда Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп, вице-президенти Жэй Ди Венс менен жолугуп, пайдалуу кен байлыктар боюнча келишимге кол коюлмак. Бирок ал кайым айтышууга айланып кеткен. Ири ЖМКлардын бир тобу Трамп аны «чыгарып салды» деп жазышты. Дүйнөгө дүң болгон бул окуядан кийин келишимдин түзүлүшү үзгүлтүккө учурады.

Жолугушуунун соңунда АКШ лидери Зеленский тынчтыкка келүүгө даяр эмес жана Кошмо Штаттарды сыйлабастыгын көрсөттү деп айткан.

CBS News Трамптын айланасындагы аткаминерге таянып, бул окуя АКШнын Киевге мындан аркы жардамын токтотуу боюнча маселени көтөрүүгө себепкер болорун айткан. Ал эми бүгүн АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырганы белгилүү болду.

Bloomberg басылмасынын жазганы боюнча, АКШ администрациясы кабыл алган чечимдин алкагында ушу тапта Киевге карай жолдо бараткан, ошондой эле Польшанын аймагындагы транзиттик зонада турган курал-жарак, техника жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун баары токтотулду.

Related posts

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү 

admin

Шайлоого барбагандарга айып салуу. Депутат мыйзам долбоорун чакыртып алды

admin

Кеминде дайынсыз болуп жаткан адамды 100дөй адам издеп жатат

admin

Комментарий