Орунтаев: көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу боюнча жаңы талаптар киргизилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылдын сентябрь айынан тартып күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык:

  • 1 батирге 1 автоунаа токтотуучу жай принциби милдеттүү болуп калды. Бул талап аткарылбаса, курулушка уруксат берилбейт.
  • Беш кабаттан жогору болгон үйлөрдүн жер төлөсүндө автоунаа токтотуучу жай сөзсүз каралышы керек.

Ошондой эле, курулуш компанияларына унаа-лифт сыяктуу автоунаа токтотуучу жайларды уюштурууда үнөмдүү жана натыйжалуу чечимдерди колдонууга мүмкүнчүлүк берилери кошумчаланды.

Бул талаптар жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана унаа токтотуу маселелерин чечүү максатында киргизилген.

Related posts

ИИМ: Москвада мекендешин өлтүрүүгө шектелип 4 кыргызстандык кармалды  

admin

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

admin

Бишкекте электр жарыгы эмне себептен өчтү? Улуттук энергетикалык холдин жооп берет

admin

Комментарий