Орусияда 4 классташына ок чыгарып, кийин өз жанын кыйган кыздын атасы кармалды

Бүгүн, 7-декабрда Брянск шаарында № 5 гимназиянын 8-классынын окуучусу ок чыгарган. Ал эки өлүм менен аяктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, Алина аттуу кыз мектепке атасынын тапанчасын алып келип, бир нече жолу ок чыгарган. Акыркы маалыматтарга караганда, беш окуучу жабыркап, экөө каза болду: жарадар болгон классташтарынын бири жана ок чыгарган окуучу кыз. Телеграм-каналдар жазган маалыматка караганда, ок чыгарган кызга классташтары зомбулук көрсөтүп жүрүшкөн.

Алинанын атасы 53 жаштагы Дмитрий кармалды. Ал учурда сурак берип жатат. Укук коргоо органдары кыздын колунда тапанча кайдан болуп калганын аныкташууда. Кармалган жаран кечээ туулган күнүн белгилеген. Алдын ала маалыматтар боюнча, атасы туулган күнгө даярданып жатканда кыз тапанчаны алып кеткен болушу мүмкүн.

Related posts

Татарстанда фермадагы өрт алты мигранттын өмүрүн алды

admin

УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

admin

Ташиев иш сапары менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына учуп кетти

admin

Комментарий