Орусияда кароосуз калган 5 наристе Кыргызстанга жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки 5 наристе кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын кайтарылышы Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Related posts

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

admin

Кантта эт кесип жаткан бычагы менен жаранды сайган шектүү кармалды

admin

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий