Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

«27-сентябрда Орусиянын Курган облустук соту кыргызстандыкты 2012-жылы ишкер Наталья Аминова менен анын 8 жашар кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапты». Бул тууралуу URA.RU. жазды.

50 жаштагы кыргызстандык 16 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген.

Окуя болгон күнү Курган шаарынын кримтөбөлү сатып алуучу катары жергиликтүү тургундун үйүнө кирген. Тапанча менен коркутуп, кыргызстандыкты бычак менен аялды жана анын кызын өлтүрүүгө мажбурлаган. Андан соң, аны да жарадар кылган. Кыргызстандык аман калып, полицияга кайрылган.

Ал сотто күнөөсү жок экенин айтып, жогорку инстанциядагы сотко кайрыла турганын билдирген.

Related posts

Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти

admin

Трамп АКШда эркек жана аял деген эки гана жыныс болорун айтты

admin

Депутаттар аймактардагы айрым көйгөйлөргө токтолушту 

admin

Комментарий