Ош шаарында 7 жаштагы баланын жансыз денесин каналдан алып чыгышты

 

Ош шаарында 7 жаштагы бала каналга агып, көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы Орке тилкесиндеги каналдан агып бара жаткан баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар көрүп, алып чыгышкан.

Ал 2018-жылы туулган, ошол айылда убактылуу жашаган үй-бүлөнүн баласы болуп чыккан. Үй-бүлө Бишкектен Ошко көчүп барып, жашап жаткан. Тергөө учурунда соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Камера көрсөткөндөй, бала чөнтөгүндөгү буюмун сууга агызып алып, аны алам деп каналга кирип кеткен«,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришти

admin

Чүйдө 72 жаштагы пенсионер тонолду 

admin

Мурдагы министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта болот

admin

Комментарий