Ош шаарындагы алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын себеби айтылды

Ош шаарында өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 05:52дө Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 06:25те чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алгачкы маалыматтар боюнча, өрт болжол менен саат 03:30 чамасында үйдүн жер төлөсүнөн чыгып, ал кыска убакыттын ичинде чатырына чейин тараган.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү берген маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн 6 жашоочусу каза болду: 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары.

Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын сөөгү таанылгыс абалга келген.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Related posts

Кыргызстан оказал гумпомощь народу Афганистана  

admin

Кадамжайдагы Лениндин эстелиги алынды (сүрөт)

admin

Бишкекте чет өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделип жатат

admin

Комментарий