Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

УКМК Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду. Алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы чыгып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылып келишкен.

Тактап айтканда, Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери К.У.Б. жана М.А.Э. жеке материалдык пайда табуу максатында чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырып келишкен.

2026-жылдын 22-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган кызмат адамдары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Какая погода ожидается в ноябре в Кыргызстане?

admin

Мэра Нарына и налоговика оштрафовали за пассивную разъяснительную работу по ККМ 

admin

Ошский «Алай» вышел в групповую стадию Азиатской Футбольной конфедерации

admin

Комментарий