Ошто 2 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүм бүгүн да изделет

8-декабрь күнү 2008-жылы туулган Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинде көрүшкөн. 20-декабрь күнү жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган.  Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 21-декабрь күнү улантылат.

Related posts

Уркуя Парманова: “Майып балдарга мамлекеттин колдоосу бар. Бирок, чечилбеген көйгөйлөр көп”

admin

Аскарбек Жаныбеков: Жыл башынан бери дыйкандарга 2,5 млрд сомго техника лизингге берилди

admin

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинди

admin

Комментарий