Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектин иллюстрациясы менен бөлүштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектеги түндүк менен күндүн элесин чагылдырган иллюстрацияны өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыялап, элге ынтымак тилеген билдирүү жазды.

«Мекен баарынан ыйык. Аны көздүн карегиндей сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Башкысы ынтымак жана биримдик болуп, түндүгүбүздөн күндүн нуру төгүлүп турсун. Ар бир таңыбыз сүйүнүчкө толуп, желегибиз бийиктерде желбирей берсин!» — деп жазды ал.

Related posts

Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо

admin

Түгөйлөр жол тосуп, Караколго кетишмек. Жети-Өгүздөгү үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайы 

admin

Садыр Жапаров кайрылуу жасады

admin

Комментарий