Ошто каза болгон 3 бала жана келин. Балдардын бирөөсү ошол айылдагы тууганы болгон

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылган. Ош ОИИБ маалымат таратып, алардын иске ууланганын билдиришкен.

  • 3-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 1993-жылы туулган аял киши, 2018-жылы туулган Р.М., 2021-жылы туулган Р.Р. жана 2017-жылы туулган И.И. аттуу тургундар үйүндө уктап жатып каза болушкандыгы тууралуу кабар түшкөн. Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана каза болгондордун денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Муфтияттан маалымат таратышып, 6-март күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 3-март күнү көмүрдүн исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарын зыярат кылып, акчалай жардам көрсөтүшкөнүн билдирди.

Дин кызматкерлери маркумдардын жакындарына көңүл айтып, Куран окуп, дуба кылышкан. «Өлүм деген баарыбыздын башыбызда бар. Өлүм айтып келбейт. Кайрат кылыңыздар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

«Аталган 4 адамдын үчөөсү бир үйдөн, бирөөсү ошол эле айылдагы тууганы болгон»,- дешти.

Related posts

Бишкекте алгачкы жолу аялдардын жан дүйнөсүн чагылдырган италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин сүрөт көргөзмөсү өтөт

admin

Өлкөдө өз билемдик менен иш жүргүзүп келген 28 мал союучу жай жабылды

admin

Кумтөрдө жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрүлгөн

admin

Комментарий