Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 9-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарынын тургуну тарабынан Мамыров көчөсүндө орун алган тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза болуп калгандыгы тууралуу телефон аркылуу кабарланган.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу чыгышып, тиешелүү иш-кагаздар чогултулуп, кароо жүргүзүлгөн. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, бул жайда газ баллон жарылып, анын кесепетинен Ош облусунун 1987-жылы туулган тургуну каза болгондугу аныкталган.

Аталган окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери башталды. Окуянын келип чыгуусун аныктоо максатында бир топ тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал жерде иштеген кызматкерлер суракка камсыз болуп, жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда.

Related posts

Кара-Балтада 77деги кемпирдин 600 миң сомун уурдап кеткен аялдар кармалды

admin

Түркияда теракт уюштурууга даярданып жаткан 2 шектүүнүн кармалышы. ТИМ маалымат берди

admin

КР УКМК: Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий