Акыйкатчы Камил Рузиевге карата кылмыш ишин козгоо уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова укук коргоочу Камил Рузиевге жана мед.айым Т.К. га карата кылмыш ишин козгоо уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди.


Маалыматка ылайык, Каракол шаардык сотунда Кылмыш кодексинин (мындан ары КР ЖПК) 2017-жылдагы редакциясынын 359-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан укук коргоочу Рузиев Камилжан Якуповичке байланыштуу кылмыш иши каралууда.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты ал кармалып жана эркиндиги чектелген жайга киргизилгенден баштап жана иштин материалдары сотко өткөнгө чейин Рузиев Камилжандын укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүздү. Азыркы тапта биз тараптан соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүлүүдө.


Тергөөнүн версиясына ылайык, К.Рузиевдин мыйзамга каршы аракети мындай болгон: «2020-жылдын 24-январында ал Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 24- январындагы токтомдоруна даттануу үчүн процесстик мөөнөттөрдү өткөрүп жибергенин негиздөө үчүн Ысык-Көл облустук «Балалык» медициналык медициналык борборунан жасалма маалымдама алууну чечип, 2020- жылдын 2- мартында мед.айым таанышына кайрылат. К.Т. аттуу мед.айым К. Рузиевдин өзүнүн пайдасы үчүн сот органдарын адаштырууга багытталган туура эмес чечимине макул болуп, 2020- жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарыланууда болгон деген жасалма маалымдаманы 2- мартта жазып берет. Текшере келгенде, К. Рузиевдин амбулатордук картасында амбулаторлук дарылануудан өткөнү боюнча эч кандай жазуу жок болуп чыккан.


Башынан баштап бардык тергөө иш-аракеттери кеңири коомдук резонансты жаратып жана улуттук, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан терс бааланып, «укук коргоочуну куугунтуктоо» катары бааланууда. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту дагы 2021-жылдагы бул пикирлер менен макул болгон жана бүгүнкү күндө дагы бул позицияда турат.
Акыйкатчы Камил Рузиевге байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши боюнча тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине төмөнкү негиздер боюнча негизсиз баа берилген деп эсептейт.

  1. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмү башында эле К.Рузиевге 02.03.2020-ж. берилген маалымдама расмий документ экендигин аныктаган эмес.
    Мамлекеттик органдардын расмий адамдарынын келип чыккан укуктук мамилелер боюнча жарандарга болгон иш-аракети так жөнгө салынуусу керек жана колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келүүсү зарыл.
    Ошентип, КР ЖПК 359-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясы «Расмий документти атайы жасалгалап колдонуу» кылмышы катары эсептелерин көрсөтөт.
    Андай болсо К.Рузиевдин иши боюнча маалымдама 2017-жылкы редакциядагы КР КЖК 24-тиркемесинин 1-пунктунда каралган маалымдама ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан берилиши керек жана талап кылынган форма жана мазмунга жооп бериши зарыл деген расмий документке коюлган талаптарга кантип ылайык келбейт. Аталган талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.02.2012-ж. #152 Токтому менен бекитилген. Дарылоо-алдын алуу мекемелерде убактылуу ишке жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча көрсөтмөдө да каралган.
    Мед.айым тарабынан берилген жана жогорудагы талаптарга жооп бербеген маалымдама расмий документ катары саналышы мүмкүн эмес.
    Ошентип, К. Рузиевге карата ал тарабынан расмий документти жасалгалап колдонуу жөнүндө айыптоо позициясы негизсиз деп эсептейбиз.
  2. Өзүнүн көрсөтмөсүндө айыпталуучу мед.айым К.Т. 2020-жылдын 2-мартында К.Рузиевге медициналык маалымдаманы бергендигин, амбулатордук дарылоонун күнүн 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин К.Рузиевдин айтуусу боюнча жазгандыгын билдирет.
  3. К.Рузиев медициналык мекемеге ал 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарылоодо болгондугу тууралуу документ берүү өтүнүчү менен кайрылып, маалымдама алган. Андан ары, ал маалымдаманы оорунун кесепетинен өзүнүн ишке жарамсыздыгын тастыктап сотко өткөргөн.
  4. Иштин материалдарында көрүнүп тургандай, жогоруда айтылган окуялардан улам тергөө органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ден соолугунун абалын текшерүү, оорунун жагдайлары жана оору, ишке жарамсыздыгы тууралуу расмий документти толтуруу жоопкерчилиги өзүнүн абалы тууралуу кайрылган адамда эмес, медициналык кызматкерде экендигине объективдүү баа берүүлөрү керек эле.

Related posts

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

admin

Бишкекте 12 бала бакча курулат 

admin

Садыр Жапаров «алтын чыгарылып кетти» деген видео боюнча: «Көрүп, менин күлкүм келди»

admin

Комментарий