Ошто телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топ кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында уюлдук телефондорду жана мыйзамсыз баңги заттарды Кыргыз Республикасына мыйзамсыз алып келүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу Өзбекстан Республикасына алып чыгуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.

Экономикалык контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмү менен биргеликте контрабандалык товарларды убактылуу сактоочу жайларда жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасына бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алынып келинген «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер алынган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары — М.А.А., Г.Ж.П. жана М.О.Ш. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Related posts

Чилиде чоң өрт каптап, 50дөй киши каза болду. 200дөн ашуун кишинин дайыны жок

admin

Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

admin

Ысык-Көлдө өзүн-өзү атып алган кишини милиция куткарып калды. Окуянын чоо-жайы (видео)

admin

Комментарий